Кыргызстан, город Токмок - Киргизия, город Токмак.
  Токмок
» » » Токмок шаарында жарандарга акысыз маалымат берүүчү тейлөө борбору ачылды

Токмок шаарында жарандарга акысыз маалымат берүүчү тейлөө борбору ачылды

Опубликовано 2-12-2014, 22:20 / Потриот
Чүй облусунун Токмок шаарында жарандардын акысыз маалымат алуусун жогорулатуусу атайын Тейлөө борбору ачылып, бүгүнкү күндө жогорку деңгээлде иш алып барууда

Түзүлүп жана иштеп келе жаткан тейлөө борборун (кызматтарды бир жерде көрсөтүү) түзүү практикасын 6 шаардын мэриялары жана шаардык кеңештери колдошкон. Учурда Ош, Жалал-Абад, Майлуу-Суу, Кара-Көл, Баткен жана Балыкчы шаарларында шаардык муниципалитеттер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көрсөтүүчү кызматтардын тизмесин калыптандыруу боюнча зарыл иш чараларды жана борборлордун иши үчүн зарыл материалдык техникалык ресурстарды аныкташкан. Ошондой эле 2014-жылдын декабрь айында тейлөө борборун ачуу Ош шаарында болуп өтөт

«Тейлөө борборунда жарандар кызматтарды алуу туурасында толук маалыматты эле албастан, консультацияларды жана арыз жана башка керектуу документтердин бланкаларын дагы ала алышат. Ошондой тейлөө борборунун ишинин биринчи айлары жарандарга маалыматты берүү ыкмаларын жакшыртуу зарылдыгын аныктады, жана кыска убакытта meria.tokmok.org расмий сайтында кызматтарды көрсөтүүнүн тартибин, алардын стандарттарын көрсөткөн жана түшүндүргөн «Кызматтар» бөлүмү түзүлдү. Келечекте башка шаарлардын сайттарында «Кызматтар» бөлүмү иштелип жана киргизиле тургандыгы пландалып жатат»

Маалымат катары айтсак, шаарларга консультациялык жана техникалык жардамды КРнын «Жергиликтүү Өз Алдынча Башкаруунун Союзу» жана Эл Аралык Республикалык Институту көрсөтүп келет. Кызматтардын борборлорунун ишин уюштурууда катышкан шаарлардын мэрияларынын өкүлдөрү үчүн семинарлар өткөрүлуп, анын максаты болуп тейлөө борбору аркылуу көрсөтүлүүчү кызматтарды стандартташтыруу боюнча көндүмдөрдү калыптандыруу болгон

Бул иш Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын демилгеси боюнча өткөрүлүп жаткан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды оптималдаштыруу чөйрөсүндө реформаларды колдоо максатында жүргүзүлүүдө.

Токмок шаарында жарандарга акысыз маалымат берүүчү тейлөө борбору ачылды

Теги: Тейлоо Борбору, мэрия

Комментарии

Ваше имя*
Ваш E-Mail
Введите код*
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив
реклама
Курсы валют Кыргызстана по отношению к сому