Кыргызстан, город Токмок - Киргизия, город Токмак.
  Токмок
  Форум
  Фото
  Объявления
  Магазин
  Почта
  Знакомства
  Погода
» » » Ипотекалык үйлөрүбүз болот

Ипотекалык үйлөрүбүз болот

Опубликовано 14-08-2014, 13:17 / Потриот
Токмок шаарында ипотекалык ыкма менен үй куруу башталды. Бул үчүн 6 гектар жер аянты бөлүнүп, 56 үй-бүлөгө делген батирдин пайдубалын түптөө иш чарасы өттү. Салынып жаткан турак жай бюджеттик мекемеде иштегендер үчүн берилет. Иш-чарага вице-премьер министр Валерий Диль жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Кененирээк кабарчыбыз Сталбек Абдраевдин материалында:



Жылдан жылга батирге жана үй салууга жер алуу үчүн миңдеген жарандар кезекке турушат. Бул көйгөйдү чечүү үчүн Өкмөт тарабынан бир катар иш-чаралар каралып жатат. Алсак, Токмокто курулган бул үй программа аркылуу 15 жылга каралып, эч кандай күрөөсү жок, бюджеттик тармакта иштегендерди колдоо максатында ишке ашып олтурат. Токмоктуктардын бүгүнкү демилгеси келечекте жарандарыбыздын үйлүү болуу тилегин ишке ашырат деген үмүтүбүз бар дейт вице- премьер Валерий Диль.

Бул долбоор бюджеттик мекемелерде иштегендердин көптөгөн көйгөлөрүн чечет. Долбоорду турумушка ашырган ички жана тышкы инвесторлорго ыраазычылык айтабыз”,-деген пикирин айтты вице-премьер-министр Валерий Диль.

Демилге Токмок мэриясы тарабынан мындан эки жыл мурун көтөрүлүп, тиешелүү документтердин бардыгы бүткөрүлгөн. Көп кабаттуу үйдүн курулушун жергиликтүү бийликтен башка, Кыргызстанды туруктуу энергияны каржылоо программасы жана коммерциялык банктар өнөктөштүк негизде колго алышты.

Элге кандай жол менен жеңилдетилген кредиттик негизде, батир куруп берсек болот деген ой менен 2 жыл мурун ар кайсыл долбоорлорго кайрылган элек”. Акыры Европалык өнүктүрүү банкынан колдоо таап, анын менен Кыргызстандагы туруктуу энергияны каржылоо программасы жана «Бай Түшүм» банкы өнөктөштүк негизде бюджеттик тармакта иштеген кызматкерлердин үй- бүлөөсү үчүн ипотекалык ыкма менен үй курууну баштадык. Мындай ыкма менен жер тилкелерин үнөмдөп, шаарыбыздын көркун ачкан үйлөрдү кура алабыз”,-дейт Токмок шаарынын мэри Анвар Оморканов.

Бул үйлөрдүн курулушу ноябрь айында аяктап, баардык ыңгайлуулуктары бар батирлер өз ээлерин кубанычка бөлөмөкчү. Ар кандай коррупцияга жол бербөө максатында үй алуучулар өзүлөрү кооператив түзүшкөн.

Токмок мэриясы жакшы шарттар менен үй куруп, буюрса жаңы жылга чейин үйгө кирип калабыз деп турабыз.Эч кандай таанышы жок бизге окшогондор, документтерибизди толтуруп, чуркап жүрүп. Башталгыч мүчөлүк акыбызды, 300 минди төлөп койдук”,-дейт үй алуучу Жаңыл Рыспаева.

Ипотекалык ыкма менен курулуп башталган бул үйдүн курулушу сапаттуу жана пайдалуу деп табылса, Токмок шаарынын мэриясындагылар мындай жол менен кезекте турган 1,5 миң адамдын көйгөйүн чечебиз деп турушат.

Сталбек Абдыраев, Мирлан Макеев Коомдук биринчи канал, Токмок шаары.

Источник: КТРК

Комментарии

Ваше имя*
Ваш E-Mail
Введите код*
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Подробный прогноз ›

ясно

+13°

вечером: +8°завтра: +21°
реклама
Курсы валют Кыргызстана по отношению к сому

Новые объявления